Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам деп айтылып, жалпы үй-бүлө мүчөлөрү, дос-санаалаштар чогулуп, бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтып, көңүлдүү белгилешет. Бул күнү кичинекей наристелер да Аяз атаны күтүп, андан белек алууну самашат. Андыктан кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандарына кайрылып, "Балдарыңыз Аяз атага ишенеби, андан кандай белек алууну самашат жана Жаңы жылды тосууга кандай даярданып жатасыздар?" деп суроо салдык.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова небереси үчүн бардык жакшы нерселерди алып берүүгө даяр экенин айтат:
"Төмөндөгү неберемдин сүрөтүнө "Кудайдын мага берген эң чоң белеги сенсиң" деп жаздырайын деген элем. Жаңы жылга карата ал үчүн атайын интернеттен буйрутма берип, жакшы белектерди алдырдым. Азыр кичинекей болгондуктан көп нерсеге кызыгып, берген белектерге кубанып жаткан учуру. Учурда Таласта жүрөбүз, буюрса, 31-декабрда шаарга барабыз, үй-бүлөмдүн жанында болуп, майрамды белгилейбиз".
Ал эми актёр, алып баруучу, тамада Камчы Сарыбаев балдары театрдагы актёрлордун оюндарын дайыма көрүп жүргөндүктөн Аяз атага ишенбей калышканын айтат.
"Балдарым Аяз атага ишенишпейт, себеби театрга мени менен чогуу барып жүрүп, Аяз ата, Аяз кыз ким экенин көрүп, билип, таанып калышкан. Жадакалса сахнада сүйлөп жаткан Аяз атанын үнүнөн ким экенин таанып коюшат.
Учурда балдарым ар жактан жаңы жылдык белектерди ала беришип, таттууларды көргүлөрү келбей калды окшойт. Албетте, Жаңы жыл майрамын үй-бүлөм, өкүл уулдарым менен тосом".
Белгилүү ырчы Айжамал Кабылова жаңы жылдык концерт, кечелер менен жүрүп, жакындарына белек алууга жетишпей жатканын, майрамды үй-бүлөсү менен тосорун айтты.
"Жаңы жылдык кечелер менен жүрүп, жакындарыма белек алганга жетишкен жокмун. Балдарымдын майрамдык маанайлары эң сонун. Мектептеги жаңы жылдык кечелери болуп өттү. Эртең менен турары менен "Бүгүн Жаңы жыл болот да, ээ?" деп кубанышууда. Чоңоюп калгандарына карабай дагы деле Аяз атага ишенишет. Андыктан ага өздөрүнчө кат жазып, белек алууну, чыныгы Аяз атаны күтүп жатышат. Буюрса, майрам күнү аларды аянтка алып чыгып, ойнотуп сейилдетип келем", - дейт ырчы.
Ал эми ошол маалда телефонду алган ырчынын кызы Жыпара да Аяз атага ишенерин, бул жылы кыздар үчүн лего конструкциясын белекке алууну самап жатканын айтты.
Белгилей кетсек, кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандары Жамал Сейдакматова, Керим Турапов, Гүлшайыр Садыбакасова, Бактыбек Мамытов эли-журтуна болгон майрамдык куттуктоолорун SUPER.KG порталы аркылуу билдиришкен.