Бүгүн, 30-декабрда орусиялык "Голос" музыкалык сынагынын финалы өтөт. Анда мекендешибиз Кайрат Примбердиев, Александр Панайотов, Сардор Милано, Дарья Антонюк 1-орун үчүн күч сынашат.
Маалыматтарга караганда, алгач ар бир катышуучу жекече, андан кийин насаатчысы менен дуэт ырдайт. Чыгармалар аткарылган соң телекөрүүчүлөр түз эфирде добуш беришет. Аз добуш алган бир катышуучу сынактан четтейт. Калган 3 катышуучу дагы бирден чыгарма аткарып, добуш берүүгө коюлат. Кайрадан элдин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жеңүүчү аныкталат.
Орусиялык ырчы Дима Билан өзгөчө үндүн ээси Кайрат Примбердиевге добуш берүүнү суранып, баракчасына жазып чыкты.