Кытайлык футболдук клубдардын бири "Реалдын" португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналдуну сатып алуу аракетин кызуу көрүүдө. Бул тууралуу футболчунун агенти Жорже Мендеш италиялык басылмаларга билдирген.
Анын айтымында, клуб "Реалга" Роналду үчүн 300 миллион евро төлөп берүүгө даяр. Футболчу келишим түзө турган болсо, жылына 100 миллион евро маяна алат.
"Акча баарын чечет дегенден алыспыз. Криштиану "Реалдын" курамынан кетүү боюнча ойлоно элек", - дейт Мендеш.
Кошумчалай кетсек, аргентиналык футболчу Карлос Тевес жакында Кытайдын "Шанхай" клубунун катарын толуктады. Келишимге кол койгон соң футболчу аптасына 763 миң доллар маяна ала баштайт. Жылдык маянасы 40 миллион еврону түзгөн Тевес дүйнөдө эң көп маяна алган футболчулардын сап башына чыкты.
Криштиану Роналдуга "Реал" маяна катары жылына 21 миллион евро төлөйт.