Шотландиялык футбол адиси, атактуу машыктыруучу Алекс Фергюсон 75 жашка толду. Ал 1941-жылы 31-декабрда Шотландиянын Глазго шаарында төрөлгөн.
Ал 16 жашынан тартып футбол ойноп баштаса, 1974-жылдан тартып 32 жаш курагында "Ист Стерлингшир" клубуна машыктыруучу болуп дайындалган. Ал эми 1986-жылы “Манчестер Юнайтеддин” башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.
Фергюсон "Манчестер Юнайтед" 26 жыл иштеп, өтө көп чемпиондуктарды багындырган. Мисалы, Англия Премьер-лигасын 13 ирет, Чемпиондор Лигасын 2 ирет уткан. Клуб 100 жылдык тарыхындагы көрсөткүчкө караганда, Фергюсондун жетекчилиги астында көп мелдеште жеңүүчү аталган. 2013-жылы машыктыруучулук кызматты таштаган.
31-декабрга карата жылнаама.