Бир катар мамлекеттердин жетекчилери бүгүн, 31-декабрда президент Алмазбек Атамбаевди Жаңы жыл менен куттукташты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев куттуктоо телеграммасында өтүп бараткан жыл кыргыз-өзбек саясий диалогу активдешкен жыл болуп, өлкөлөр ортосунда кошуналык жана достук мамилени бекемдөө үчүн ишенимдүү пайдубал түзүлгөнүн белгилеген. Орусия президенти Владимир Путин өтүп бараткан жылы кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздук мамилелерди өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалганын билдирди.
Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Жаңы жыл менен Тажикстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын, Германиянын, Беларустун жана Азербайжандын президенттери да куттукташты.