Бүгүн, 3-январда Бишкекте футзал боюнча "Наристе-2017" Эл аралык мелдеши старт алды. Анда мамлекеттик органдардын командалары, спорт сүйүүчүлөрү жана ардагерлери арасында 4 тайпада оюндар болууда.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш 1999-жылдан тарта уюштурулуп келет. Агенттик биринчиликти акыркы 5 жылдан бери колдоп келет. Быйыл мелдешти уюштуруу жана өткөрүүгө агенттиктен 286 миң сом каражат бөлүндү.
Быйыл мелдешке жалпысынан 56 команда катышууда. Алардын катарында Казакстандан келген командалар да бар.