Эл аралык жеңил атлетика ассоциациясы бардык рекорддорду жокко чыгаруу боюнча сунушту карап чыгат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мындай сунушту Спорт басылмаларынын эл аралык ассоциациясы (AIPS) киргизген. "Допинг чырларынан кийин жеңил атлетика жаңы тарых барактарын ачып, баарын баштан баштоосу керек. Бул үчүн мурунку жетишкендиктерди жокко чыгаруу кажет", - дейт аталган ассоциация.
Эл аралык жеңил атлетика ассоциациясы чечим кабыл алуудан мурун спорт коомчулугунун буга "макул" же "каршы" экенине көңүл бурат. Бүгүнкү күндө Елена Исинбаеванын эсебинде 28 рекорд, Усэйн Болттун эсебинде 8 дүйнөлүк рекорд бар.