"Биздин талапкердин Бишкектин жаңы мэри болоруна бардык мүмкүнчүлүктөр бар", - деди бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.
"Мэрликке талапкерлерди көрсөтүү процедурасындагы шашкандык мени таң калтырып жатат. 30-декабрда түштөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жөнүндө токтомду чыгарып, 4-январда талапкерлерди каттоону токтотту. Алар эмнеден коркуп жатышат? Башка фракцияларга талапкерлерди көрсөтүүгө тоскоолдук жасоонун эмне зарылчылыгы бар? Мен бул маселени Жогорку Кеңештин отурумунда көтөрөм", - дейт Төрөбаев.
"Бишкек мэрин шайлоого катышуубуз - бул жөн эле альтернатива эмес. Биз мэрдин кызматы үчүн чындап күрөшөбүз. Биз депутаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, эгер жашыруун добуш берүү процедурасы сакталса, анда биздин талапкердин жеңишке бардык мүмкүнчүлүктөрү бар", - деп баса белгиледи Төрөбаев.
Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөтөт. КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүү чечимине келген.
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-январында өтөт.