КҮНСЕРЕП: Кымбаттаган тамекинин ордун арзан насыбай басабы?

Бүгүн, 4-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Чындыкка дал келбеген же тактала элек маалыматты коомчулукка так маалымат катары таратуу бир гана ММКнын жоопкерсиздигин көрсөтпөстөн, чоң эл аралык конфликтке алып келиши толук мүмкүн. Жаңы жылдын түнүндө Стамбулда болуп өткөн терактка байланыштуу окуя муну даана көрсөттү. Мисалы, башында аталган окуя боюнча “Казакстандын жараны шектүү” деген маалымат чыккан болчу. Бирок ал дароо полицияга келип, терактка тиешеси жоктугун далилдеп берди. Ал эми 2-январда Йахье Машрапов деген Кыргыз Республикасынын жаранын шектүү деп Стамбулдагы аэропорттон полиция кармаган. Суракта ал терактка тиешеси жоктугун далилдеп бергенде полиция кызматкерлери андан кечирим сурап узатышкан. 3-январда Машраповдун паспортунун сүрөтү түрк ММКлары аркылуу дүйнөлүк коомчулукка тарап кеткен. Бул паспорттун сүрөтүн түрк ММКлары кайдан алышты? Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шектүү делген Йахье Машраповдун паспортунун сүрөтү эч кимге берилбегендигин жана паспорттор сүрөт түрүндө сакталбасын айтты. Демек, түрк журналисттери бул сүрөттү жана маалыматты полициядан алышкан. Кыргыз жараны өзүнүн терактка тиешеси жоктугун далилдеген соң Түркиянын тиешелүү мекемелери маалымат каражаттарына бул тууралуу төгүндөө берип, Кыргыз мамлекетинин жаранына, Кыргыз мамлекетинин аброюна аныктала элек маалымат менен доо кетиргендиктери үчүн кечирим сурашы зарыл эле. Журналисттерди чындыгы жок маалыматты таратуу менен эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүрбөөгө чакыруу керек болчу. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымында, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги “расмий маалымат болмоюнча эч нерсе айта албайбыз” деп билдирди. Ал эми эмне себептен Кыргыз Республикасынын жаранына байланышкан кабар чыгып жатканы тууралуу суроо берилгенде "бул журналисттердин жазганы" деп кутулду. Чындыгы жок маалыматтын курмандыгы жалгыз эле Машрапов болгон жок. Интернеттеги социалдык тармактарда Түркияда жашап, иштеп жүргөн катардагы кыргыз жарандарына каршы маанайдагы пикирлер, чакырыктар жазыла баштады. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым массалык маалымат каражаттарына кайрылып, ар кандай чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырды. Социалдык тармактарда "Машраповду, өлкөнүн аброюн "тагдырдын эркине" таштап коюшту, УКМК эмнеге реакция кылбайт, Тышкы иштер министрлигичи?" деген нааразычылыктар жазылып жатты. Бул окуя кыргыз бийлиги өз өлкөсүнүн эл аралык аброюн сактоодо, өз жарандарынын укугун коргоодо тезинен чечкиндүү аракеттерди жасай албасын көрсөттү...

Бүгүндөн баштап Кыргыз жеринде 1 куту (20 даана тамеки) чылым 40 сомдон арзан сатылбайт. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна ылайык, тамекиге акциздик салыктын наркы көтөрүлүп, муну менен мамлекеттик казынага кошумча 200 миллион сом түшөрү күтүлүүдө. Бирок аткезчиликтин айынан күтүлгөн 200 миллион сом толугу менен казынага түшпөй калышы мүмкүн. Албетте, тамекинин баасы кымбаттаган үчүн эле адамдар чылым тартуудан баш тартышат деп ишениш кыйын. Кирешелери чакан тамеки чегүүчүлөр арзан варианттарды издей башташат, мындан улам арзан тамекилер аткезчилик жолу менен ташылып келери күтүлөт. Же болбосо 40 сомдук тамеки сатып алууга чамасы жетпегендер массалык түрдө насыбайга өтүшү мүмкүн.

Жарандардын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоого багытталган мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, 2017-жылдын февраль айына чейин 1 куту чылымдын баасы орто эсеп менен 5 сомго жогоруламакчы. Демек, Кыргыз жергесинде эң популярдуу 40 сомдук “Винстон” тамеки кутусунун баасы 45 сом болот. Ал эми эң арзан “Классик” тамеки кутусу эми 20 сомдон эмес, 40 сомдон сатылып баштаары күтүлөт же өлкөдөгү тамеки рыногунан чыгып кетет. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттар тобу ‎2018-2019-жылдары жыл сайын кутунун баасын 5 сомдон жогорулатып турууну көздөп жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга сунушталды. Демилгечилердин бири депутат Бекешев “эгер кутунун эң арзан баасы 40-50 сом болсо, өспүрүмдөрдүн тамеки сатып алуусун кыйындатат” деп түшүндүрөт. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, тамеки чегүү менен күрөшүүдө тамекинин баасын жогорулатуу эң эффективдүү деп эсептелинет. Коомдук жайларда чылым тартууга тыюу салуу жана тамекиге каршы багытталган иш-чаралар (Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсү, кутудагы коркунучтуу сүрөттөр) мынчалык эффект көрсөтпөгөнүн жазышат изилдөөчүлөр. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, тамекинин баасы 10 пайызга көтөрүлгөн сайын бай өлкөлөрдө чылым тартуунун көрсөткүчү 4 пайызга кыскарууда. Ал эми өнүгүп келе жаткан жана жакыр өлкөлөрдө бул көрсөткүч 8 пайызды түзөт. Эми Кыргыз өкмөтүнүн жакшы ой менен жазылган токтому өлкөдө тамеки чегүүнү кыскартабы же салыктан түшчү каражатты көмүскө рынокко, чөнтөктөргө бурган документ болуп чыгабы, убакыт көрсөтөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан