Эрежесиз мушташтарды уюштурган дүйнөдөгү эң ири уюм UFC`нин президенти Дана Уайт 61,2 килограмм салмакта экс-чемпион Ронда Роузинин утулуп калганы тууралуу үн катты. Роузи чемпиондук кур үчүн бразилиялык Аманда Нунезге каршы туруп, 48 секундада нокаутка учураган.
"Мен беттештен кийин Роузинин кийим которуучу жайына кирдим. Аны колдоо иретинде кучактаганда кийимим канга боёлуп, анын көз жашына чыланды. Ага кандай чечим чыгарса да колдоо көрсөтөрүмдү айттым. Мунун баарына анын жол ачканын белгиледим", - дейт Уайт.
Кошумчалай кетсек, мелдешке башта жалаң эркектер катышып келишкен. Роузи кыз-келиндер арасында уюм менен алгачкылардан болуп келишим түзгөн. Ал 12 беттеште катары менен жеңүүчү аталган. Кийин ал Холли Холмго утулуп, чемпиондук наамынан ажыраган. Бул жеңилүү ага оор тийип, 13 айдан кийин гана 8 бурчтукка кайткан. Бирок кайрадан жеңилүү ызасын тартты. Бул жолу аны бразилиялык Аманда Нунез нокаутка учуратты.