ЖЫЛНААМА, 6-ЯНВАРЬ: Орусиялык супермодель, Роналдунун мурдагы сүйүктүүсү Ирина Шейк 31 жашка толду

Бүгүн, 6-январда орусиялык супермодель, Роналдунун мурдагы сүйүктүүсү Ирина Шейк 31 жашка толду. Ал 1986-жылы 6-январда Орусиянын Челябинск облусунун Еманжилинск шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Ирина Шайхлисламова. "Glamour" журналынын 2012-жылкы тандоосу боюнча "Жылдын модели" наамынын ээси. "Sports Illustrated Swimsuit Edition" журналынын башкы бетине чыккан орусиялык алгачкы модель.
2004-жылы Челябинскте өткөн сулуулар сынагына катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тарта моделдик индустрия аны өзүнө тартып, Гия Жикидзе аттуу модельердин сунушу, жардамы менен жергиликтүү сулуулук агенттигинде иштөөгө киришет. 2005-жылы Европада өз талантын көрсөтүп, кийинчерээк АКШга аттанып, белгилүү бренддердин жүзү болууга жетишет.
Окуучу кезин эскерип Ирина Шейк: "Мектеп курагында классташ кыздарым жигит күтүшсө, мени балдар "капкара кыз" деп шылдыңдашчу. Андыктан модель болуу үч уктасам түшүмө кирчү эмес", - деп айтканы бар.
2010-жылы "Armani" компаниясынын видеоролигине тартылуу учурунда Ирина Шейк атактуу футболчу Криштиану Роналду менен таанышып, бири-бирин жактырып калышкан. Бирок 3 жылдан кийин гана, 2013-жылы экөө коомчулукка ортосундагы сүйүү мамилеси тууралуу жар салышкан.
Роналду маалымат каражаттарына берген интервьюларында: "Менин акыркы кездердеги футболдогу ийгиликтеримдин жардамчысы - Ирина. Матч башталганда, оюндун жүрүшүндө, оюн аяктаганда да оюмда Ира. Анын кылгырган жашыл көздөрүн элестеткенде менде жаңы дем-күч пайда болот", - деп айткан. 2010-жылдын 5-июлунда футболчу уулдуу болот, бирок энеси ким экенин айтпай койгон. Бир топ убакыт өткөндөн кийин баланын апасы официант экени, бала төрөлгөн соң Криштиану миллиондогон акчага сатып алганын айтып чыгышкан. Дал ушул уулуна Ирина энесиндей мээрим төгө билгени үчүн футболчунун жүрөгүн багындыра алганын айтып жүрүшөт.
2015-жылы январь айында Ирина Роналду менен мамилесин үзгөн. Ошол эле жылдын апрель айында ал белгилүү америкалык актёр Бредли Купер менен сүйлөшө баштаган. 2016-жылдын 30-ноябрь күнү Парижде мода көргөзмөсү өтүп, анда Ирина Шейк 2 ирет подиумга чыккан. Ошондон кийин эле журналисттер анын кош бойлуу экендигин жар салышып, бул маалыматты моделдин ишенимдүү өкүлү чет элдик басылмага тастыктап, Иринанын 4 айлык боюнда бар экенин билдирген. Ирина Шейк жакында эле басылмалардын бирине берген интервьюсунда актёр экөө үйлөнүү тоюн 2017-жылдын август айында өткөрүүнү пландап жатышканын айткан.

6-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aksikent96
2017-01-06 15:02:40
Никеси жок эле боюнда болсо, кудай сакта ушундай жоруктан.
+1
Zalkar_Shamaldy-Sai
2017-01-06 15:52:43
Xxx
+1
mambo-1984
2017-01-06 16:10:54
Ушул чет мамлекете бирда адам биро менен туболук жашабайт окшойт
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-08 08:30:45
mambo-1984, биздеделе ушундай боло баштады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан