ЭЛДИК КАБАР: Ала-Бука районунун Баймак айылында электр мамысы кулап, жарык өчтү

Бүгүн, 6-январь күнү саат 13:00 чамасында Ала-Бука районунун Баймак айылында электр мамысы кулап, жарык өчтү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Электр мамысынын кулап калышына бактарды кыюуда техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болду. Туура эмес кыйылган бак электр зымына түшүп, анын кесепетинен электр мамысы зыянга учураган. Учурда айылда электр энергиясы жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан