Бишкекте шаар тургунун жылаңач видеого тартып, 6 миң доллар талап кылгандар кармалышты
Бишкекте "шаар тургунун сабап, 6 миң доллар талап кылган" деп шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1989-жылы туулган М.М. аттуу жаран (эркек киши) арыз менен кайрылган. Арызда 28-декабрь күнү аны белгисиз адамдар Хонда Фит унаасына күч менен отургузушуп, Кой-Таш айылы тарапка алып барып ур-токмокко алышканы айтылган. Ошондой эле алар тургунду жылаңач чечинтип видеого тартып, 6 миң доллар талап кылышкан. Андан соң жанындагы 10 миң сомун жана паспортун алып, из жашырып кетишкен.
Бул кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Д.Р., 1983-жылы туулган Т.Ш., 1977-жылы туулган К.З. жана 1978-жылы туулган И.Х. колго түшкөн. Кармалгандардын экөө "Жорго" таксиде иштейт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.