Ат-Башыдагы Ак-Сай өрөөнүндө 54 үй-бүлө калың кардын курчоосунда калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 27-30-декабрь күндөрү Ак-Сай өрөөнүндө жааган кардын кесепетинен жол татаалдашып, каттам токтоп калган. Натыйжада Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндөгү кыштоолордо 54 үй-бүлө мал менен калган.
2017-жылдын 6-январында саат 09:00дө Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч жол тазалоо иштерине тартылды. Ат-Башы районунун эли тарабынан жардам иретинде чогултулган азык-түлүк жана малга тоют 13 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп саат 11:00до Ак-Сай өрөөнүнө жол тарткан.