SUPER.KG порталында быйыл өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кийинки айлампасы старт алды.
Сурамжылоонун 26-декабрдан 9-январга чейинки айлампасында алдынкы бештикте мурункулардан өзгөрүү байкалган жок. Алдыда Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Чубак Жалилов, Өмүрбек Текебаев келе жатат. Мурунку премьер-министр Темир Сариевдин рейтинги да бир деңгээлде кармалып, фавориттердин артынан баратат. Бул айлампада Камчыбек Ташиев артка жылып, Сапар Исаков менен Ахматбек Келдибеков алдыга өттү.
SUPER.KG порталынын окурмандары бул эки жума аралыгында Турсунбек Акун менен Бакыт Төрөбаевге ишеним артышкан жок, экөө тең 1 пайызга жетпеген добуш алышты. Президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялаган Турсунбек Акун тизмеде кала берет. Ал эми талапкер болушу мүмкүн делген Бакыт Төрөбаев жаңы тизмеге кошулган жок. Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыңыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 23-январда саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.