Белгилүү ишкер Салим Абдувалиев Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары болуп Салим Абдувалиев (сүрөттө) дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Шавкат Мирзийоев кол койгонун 9-январда жергиликтүү ММКлар жазышты. Салим Абдувалиев "Салимбай байбача" деген каймана ат менен да таанымал. Белгилүү ишкер Өзбекстанда кылмыш дүйнөсүнүн "атасы" экени коомчулукта кеңири айтылып жүрөт. Абдувалиев буга чейин Өзбекстандын Спорттук күрөш ассоциациясын жетектеп келген.

Белгилей кетсек, жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти болуп белгилүү "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев дайындалды. Ал эми коомчулукта Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Дүйшөн Төрөкулов да кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү экени айтылып жатат. Өлкөдөгү бул окуялар мамлекеттик башкарууга криминал аралашып жатат деген сындарды ого бетер күчөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан