Жанарбек Кенжеев Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 9-январда кол коюлганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, буга чейин бул кызматты Руслан Түмөнбаев аркалап келген. Ал өз арызы менен кызматтан кеткенин агенттик маалымдады.
Жанарбек Кенжеев Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Ал 1985-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону, жаштар арасында Дүйнө чемпиону аталган. Буга катар 2006-жылы Катарда өткөн Азия оюндарында коло медаль тагынган. "Афины-2004" жана "Рио-2016" Олимпиадаларынын катышуучусу.