Ысык-Көл облусунда келинди баласынын көзүнчө зордуктаган жарандын 4 жылга эркинен ажыратылышына же жеңил жазаланышына каршы кол топтоо башталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге коомдук активист, блоггер Кайрат Бекмамбетов билдирди.
"4 эле жылга кесилгенин угуп жүрөгүм ооруду. Бул ишти министр, журналисттер көзөмөлгө алганына карабай аз эле мөөнөт берилгенине ыза болдум. Ошол түнү уктай албай чыгып, петиция даярдоо чечимин кабыл алдым. Эки күндүн ичинде 2 миңге жакын адамдын колу чогулду", - дейт активист.
Бекмамбетов учурда интернеттеги активдүү колдонуучулардын баарын чогултуп жатканын, петицияны колдогондордун санын эң аз дегенде 20 миңге жеткирерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 28-июлунда 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган эле.