Чоң-Алайга иш сапары менен барган дарыгерлер төрөт учурунда аялдын жана ымыркайдын өмүрүн сактап калышты

Ош облусундагы Чоң-Алайга иш сапары менен барган дарыгерлер 9-январдан 10-январга караган түнү төрөт учурунда аялдын жана ымыркайдын өмүрүн сактап калууга чоң салым кошушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Төрөт 9-январда таңга маал эле башталып, оорлогон. Жатыны айрылып, ымыркай чарчап калышы мүмкүн болчу. Бактыга жараша, ал жерге иш сапары менен Бишкектен акушер-гинеколог, профессор Арсен Аскеров жетектеген дарыгерлер тобу барып калган. 300 чакырым алыстыкта жайгашкан облустук ооруканага -30 градус суукта алып баруу мүмкүн эмес болгон. Бишкектик жана чоң-алайлык дарыгерлер бул сыноодон ийгиликтүү өтүп, эненин да, ымыркайдын да өмүрүн сактап калышкан. Ымыркай жаш үй-бүлөнүн тун наристеси. Окуянын бактылуу аякташы жергиликтүү тургундарды да кубандырды", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми дарыгерлер тобу жергиликтүү дарыгерлерге акушердик жардам көрсөтүү боюнча окуусун улантышкан. Эскерте кетсек, өлкөнүн акушер-гинекологдору өзгөчө кырдаалда төрөт кабыл алуу боюнча билим алышууда. 2 ай аралыгында 42 адис билим алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
KUMKA
2017-01-10 15:11:59
ураа
0
KUMKA
2017-01-10 15:12:12
азаматсынар!
0
tulpar90
2017-01-10 15:15:45
Бешик бооңор бек болсун туугандар.
+1
Musabaeva.
2017-01-10 15:27:08
Куттуктайм!
Эми эле торогон энесинин жанына жаткырбаптырда баланы, же ал суротту киргизбей эле койбопсунар, кызыкча корунду)
+3
Seiil.94
2017-01-10 15:35:13
Musabaeva., туура айтасын кичине этиканы сактап фото киргизгенди уйронсонор.
+3
kuba1985
2017-01-10 15:39:41
Musabaeva.,КЕСАРЕВО ЖОЛУ менен коз жаргандардын баласын жолдошунун же жакындарынын биринин тошуно жаткырылат.
+5
Musabaeva.
2017-01-10 15:58:51
kuba1985, узур аны билбепмин, бирок бирок киргизбейле койбоптур)
+1
Arslan12
2017-01-10 17:04:32
Musabaeva.Кесарево менен эле торойт биздикилер энесинин эле жанында жатат го)), эмне болгон кундо да Алладан болуп врачтардын барып калганы жакшы болуптур.Торот уйуно эч кимди киргизбейт озу, жаткырмак турсун, чындап теманы карап туруп кызыктай корунот экен эркек кишиге!
-3
murat90
2017-01-10 16:57:33
Balam balaluu bolgondo bilesin degen chynda
0
Kanzada97
2017-01-11 00:26:03
Альхамдулилах тирүү калыптырлар
0
33SUUN
2017-01-11 03:39:58
Эркекке окшош аял экендеп койдум эле.Комменттерди окуп алып уялып кеттим.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан