Ысык-Көлдө келинди баласынын көзүнчө зордуктаган жаран 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалыматты Тоң райондук сотунан тастыкташты.
Тоң райондук сотунун маалыматына караганда, тиешелүү чечим 2016-жылдын 30-ноябрында чыккан.
Айта кетсек, 2016-жылдын 28-июль күнү 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган.