МЕДИА-ПОРТАЛ: "Коомчулукка сабак болсун деп "Жүрөк сезет" клибинде ажырашуу көйгөйүн көрсөттүк" дейт ырчы Мыктыбек Нурланбеков

"Медиа-портал" бөлүмүнө жүктөлгөн ырчы Мыктыбек Нурланбековдун аткаруусундагы "Жүрөк сезет" ырынын клибинде үй-бүлөнүн баалуу экендиги, түгөйлөр бардык кыйынчылыктарда наристеси үчүн бирге болуусу керектиги көрсөтүлөт. Анда башкы каармандардын образын Мээрим Атантаева, Ясина Турсунбай кызы менен актёр, ырчы Руслан Ботобаев жараткан. Режиссёру - Канат Асанакунов.

Клиптин идеясы, тартуу процесси тууралуу Мыктыбек Нурланбеков буларга токтолду: "Бул менин алгачкы клибим болгондуктан баарына олуттуу мамиле жасадык. Режиссёр сунуштаган сценарийди бир нече жолу талкуулап чыктык. Коомчулукка сабак болсун, өлкөдө ажырашуу болбосун, түгөйлөр ар убак балдарын ойлошсун, эч бир адамдын үй-бүлөсү бузулбасын деген максатта клипте ажырашуу көйгөйүн көрсөттүк. Анда урушуп кеткен түгөйлөрдү кичинекей кызы жараштырып, бириктирет эмеспи. Ал кыз аркылуу биз көп нерсени айткыбыз келген. Анда бир эле наристе үчүн эмес, жашоодогу көп, маанилүү нерселер үчүн түгөйлөр бирге жашап, түбөлүктүү болушу керек деген ой айтылат. Анан, албетте, ар бир көрүүчү клиптен өзүнчө жыйынтык чыгарат".

Ырчы алгач актёрлор образга кире албай кыйналышканын, анан бара-бара көнүп кетишкенин, клип бир күндө, ноябрь айында тартылып бүткөнүн кошумчалады.

Мыктыбек Нурланбековдун "Жүрөк сезет" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан