Исландиялык Гвидо Диана 2016-жылдын сентябрь айында өзүнүн Түндүк Америкага баруу кыялын ишке ашыруу максатында саякатка чыккан. 4 ай аралыгында ал 24 миңден ашуун чакырымды өтүп, көптөгөн укмуштуудай кооз сүрөттөрдү тарткан.
"Мен Колорадо штатындагы сары теректерди, Канаданын аска-зоолуу тоолорундагы кооз көлдөрүн көрдүм. "Алтын дарбаза" көпүрөсүнөн өтүп, Чоң каньонго жеттим, жапайы гризли аюусун жолуктуруп, дагы көптөгөн укмуштуудай жерлерди көрө алдым", - деген саякатчы өзүнүн блогунда.
Гвидонун ою боюнча, Түндүк Америкада Жердин эң мыкты пейзаждары орун алган.