Депутаттар кыргыз тарап ЕАЭБде өзүнүн кызыкчылыктарын коргой албай жатканын айтышууда

Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигинде өзүнүн кызыкчылыктарын коргой албай жатат. Мындай оюн бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын аймагы аркылуу эт-сүт продукцияларын унаа менен ташууга тыюу салуу боюнча маалыматты такташ керек. "Биз казак тарапка жооп катары бир да жумуртканы тиешелүү документсиз киргизүүгө тыюу сала албайбыз", - деди Бекешев.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов билдиргендей, ЕАЭБдин ичинде бажы көзөмөл толугу менен алынган. Учурда Казакстандын аймагы аркылуу товарларды бир гана темир жолу менен эмес, унаа менен да ташууга уруксат алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи чиновник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан