Ырчы Чолпонай Эрнест Уметалиевге турмушка чыкканын жар салды

Эстрада ырчысы Чолпонай өзүнүн Инстаграм баракчасына продюсери Эрнест Уметалиевге баш кошконун жарыялады. "Биз Эка (Эрнест Уметалиев. ред.) экөөбүз акыры баш коштук. Үйлөнүү тойдун алдындагы даярдыктар боюнча чуркап жүрүп, баш кошкондон бир нече ай өткөн соң расмий каттоодон өтүп, нике күбөлүгүн алдык", - деп жазат ырчы. Акыркы учурларда сахнадан алыстап, концерттерге катыша албай калганынын себебин ал турмушка чыкканы менен байланыштырды.

"Мени кыргыздын салты менен келип алып кетишти. Үй-бүлө курууда жасалып келген кыргыздын бардык салт-санаалары колдонулду. Мени өткөн жылы эле (2016-жыл. ред.) алып кетишкен. Туугандарыбыз, досторубуз, кошуналарыбыз куттуктап келип жатышып, эч нерсеге кол тийбей калды. Эми бир аз колубуз бошоп, каттоого туруп, бул кубанычыбызды сиздер менен бөлүшүп жатабыз. Алдыда үлпөт той турат", - дейт ырчы.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын декабрь айында Чолпонайдын жеке концертинен кийинки кечеде Эрнест Уметалиев ага шакек салып, колун сураган. Өнөр адамдары буга чейинки мамилесинин узактыгы 10 жылдан ашарын айтып келишкен. Алар "Ак шоола" балдар ансамблинде чогуу тарбияланышып, кийин "Кылым" эстрадалык тобун түзүшүп, бул топто да бирге ырдап келишкени маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
tavanova.sarah
2017-01-10 19:17:35
Дайыр уйлонуп, сен Экана тийип акыры тынчыдынарбы?)))
А то ар жылы эле той болушун жарыялап. Бактылуууууу болгула!
0
Aisuluu160790
2017-01-10 19:20:58
Бактылуу болгула
0
akil.91
2017-01-10 19:29:47
Каныкейдин фамилиясы ким эле?
-1
Riokyrgyz
2017-01-10 20:21:31
akil.91,ынгайсыз суроо берип койдун го.хе хе
+1
akil.91
2017-01-10 20:35:37
Riokyrgyz,иногда болуп турат го суперде. Билген болсонор айтып койосунарбы. Забыл я.
-7
knopka77
2017-01-10 23:01:14
akil.91,а сиздин "забыл" болгонунузду биз кайдан билмек элек...странный десе
+3
Anhel
2017-01-10 21:43:51
akil.91,Алымбекова
0
Kg.arts.
2017-01-11 04:41:12
akil.91,Алымбекова
0
Djal1987
2017-01-10 19:52:31
Тиги Токтосунова да оз жарын тапсын эми. Картан кыз болбой.
+1
Anhel
2017-01-10 21:44:21
Djal1987, Токтакунова десеез)
+2
Djal1987
2017-01-11 15:06:51
Anhel,оой Токтосуновадан кечирим сурайм
0
Djal1987
2017-01-11 15:08:35
Anhel,Токтасунованы айткан элнм атын унутуп атам. Чолпон экоо курбу эле го
0
tuigan.
2017-01-10 22:06:34
Djal1987,нурзат токтосунова максат надырбеков дегенге турмушка чыккан
+1
knopka77
2017-01-10 20:03:59
токтосунова тапкан эчак эле
0
Guliii
2017-01-10 20:14:40
Бактылуу,бала-чакалуу болгула
0
palina
2017-01-10 20:37:18
Бакыт каалайм.чын журоктон.
0
Kubat.karagulov
2017-01-10 22:32:50
Куйоого тийгени да аял алганы да бактылуу болгону да ажырашканы да бат эле булардын.Тийсен тий алсан ал не кылам аны элге жарыялап
+3
ainura220888
2017-01-10 22:43:06
Куттуктайм чын журогумдон. Чолпонай мурунку бой которгон Чолпонай эмес жонокой болуп озгоргон.
0
Abdyrashit.Satylganov
2017-01-11 00:03:05
До+Фа болуптурда ..Бактылуу болгула!!!
+1
farida.kg.1991
2017-01-11 08:44:24
Чолпонай соонун кыз жылдыздуу бактылуу бол.
0
Adil706070
2017-01-11 09:03:24
ошондо биздин бийлик кабыл алган нике боюнча мыйзамы кандай болуп калды.булар 1-уйлонуп(уйуно алып барса нике кыйылды да,) анан нике куболугун алып жатабыз дешти.?
Мыйзам кучуно кире элекби же кыз тараптан арыз тушсо гана мыйзам иштеп баштайбы?
0
Kuyoo_bala
2017-01-11 10:18:32
Бакыт каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан