Анталия шаарындагы мончодо мыйзамсыз иштеген 10 аял кармалды. Алардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын жарандары. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, полиция тарабынан Алания районундагы эки мончо текшерүүгө алынып, мыйзамсыз иштеген 10 аял кармалган. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын, Грузиянын жана Орусиянын жарандары бар. Кармалган Кыргыз жарандары Лира Н., Гүлмира А., Махира Н., Гүлзат А., Эркинбүбү О., Феруза А., Жамиля Д. жана Таалайгүл Б. Миграция департаментине жеткирилишкен. Эми алар өз өлкөсүнө депортация болушат.