Өмүрбек Текебаев: "Президентти сыйлайлы"

Жогорку Кеңеште 11-январда өкмөттүн “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү сунушу каралууда. Жыйында баяндамачылар адашып, кайсы мыйзам долбоору каралышы керектигин таппай жүдөштү.

Мындан улам спикер Чыныбай Турсунбеков аларды "Жаңы жылды катуу майрамдагансыңар го" деп мазак аралаш сындаса, депутат Өмүрбек Текебаев өкмөт мыйзамдарга майда-барат редакциялык өзгөртүүлөрдү сунуштап, иштеп жаткандай түр көрсөтүүгө өткөнүн айтып сындады. Депутат ишкерлерге шарт түзүүгө багытталган мыйзамдарды минтип майдалабай, бириктирип бир топтом менен киргизүүнү сунуштап, бул жаатта президент Алмазбек Атамбаевдин убадаларын эскертип өттү.

"Президент Алмазбек Атамбаев референдум өтсө, 2017-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз мамлекети ишкерлер үчүн бейишке айланарын айткан. 1 миллиард калкы бар Индияга барып да Кыргыз Республикасы ишкерлерге бейиш болорун жарыялады. Президентти сыйлайлы, ага жардам берип, кеп-кеңешибизди айталы. Бул мыйзам долбоорунан мен укмуш өзгөрүүлөрдү көргөн жокмун", - деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан