Бүгүн, 11-январда рэп ырчысы Добр 29 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, бүгүн ал үчүн кош майрам экенин билдирди.
"Маанайым жакшы. Алгачкылардан болуп жакындарым куттукташты. Бүгүн мен үчүн кош майрам. Буга чейинки туулган күндөрүм 30-40 адамдын курчоосунда өтсө, бүгүн андан 2-3 эсе көп эл болот. Себеби кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде уулум Азиреттин жентек тоюн өткөрөлү деп жатабыз", - деди ал.
Рэп ырчысы Адилет Добранов (Добр) 1988-жылы 11-январда Бишкек шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика-менеджмент факультетин аяктаган. Алгач "Ата-эненин баркы" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. Белгилей кетсек, Добр 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" деп табылган.
11-январга карата жылнаама.