КҮНСЕРЕП: Чиновник мигранттарды "СПИД жугузат" деп сындады

Бүгүн, 11-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкектин мэри болуп кайрадан Албек Ибраимов шайланды. Шаардык кеңештеги башкаруучу коалициянын атынан талапкер болуп чыккан Ибраимов 29 добуш алса, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан сунушталган атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добуш алды. 2 депутат "баарына каршы" деп добуш берген. Шаардык кеңеште 45 депутат бар, күтүлгөндөй эле Ибраимов жеңишти ишенимдүү түрдө камсыздады.

Мэр шайлоо жүрүп жаткан учурда мэриянын алдында бир ууч адамдар тобу митинг уюштуруп, "Бишкек Ибраимовду колдойт!", "Бишкек Ибраимов менен!" деп кыйкырып турушту. Булар кайсы "гүлдөп-өнүккөн" Бишкектин мэрге ыраазы жашоочулары экени түшүнүксүз, болгон окуяга Ибраимов тарабынан даярдалган шоу деп баа берүүгө мүмкүн. Бишкектиктер качантан бери мэрдин ишине ыраазы болуп калышты эле? Бир ууч адамды жалпы элдин атынан жеке максаттарга пайдалануу ыкмасы тээ Акаев доорунан бери колдонулуп келет. Бүгүнкү окуя да анын далили. 10-20 адам 1 миллионго жакын калк жашаган Бишкектин тургундарынын атынан сүйлөгөнү күлкүлүү көрүнүш. Албетте, Ибраимов муну моюнга албайт. Шайлангандан кийин митингге эч кандай тиешеси жоктугун, топтолгон элди башкалар сыяктуу эле мэрияга келгенде гана көргөнүн айтып актанды. Мэр шайлоо башталарда парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов митинг аркылуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына басым көрсөтүү жүрүп жатканын, Жогорку Кеңештеги КСДП жана "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары Марат Аманкулов менен Мирлан Жээнчороев парламент жыйынына катышпай, мэрияда жүргөнүн айтып чыкты. Көп өтпөй Марат Аманкуловдун митингчилерге жакын жерде турганын ырастаган сүрөттөр интернетке тарады. Марат Аманкулов менен Мирлан Жээнчороев мурда Бишкек шаардык кеңешинде депутат болушкан, мэр шайлоо боюнча жетиштүү тажрыйбага ээ. Анын үстүнө булар Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалицияны түзгөн 2 партиянын парламенттеги өкүлдөрү. Бул жагдай "шайлоонун жүрүшү жогору жактан көзөмөлдөнөт, кимдин мэр болору эчак чечилип калган" деген пикирлерди бекемдеди.

Буга чейин дагы "Күнсерепте" жазганбыз, Ибраимов өзүн мыкты шаар башчы катары көрсөтө элек. Тазалык, тартип, коопсуздук жаатында чечилбеген толтура маселе бар, алардын бири - шаардагы баш аламан курулуштар. Мэриянын алдына бүгүн жарандар эс ала турган жерлердеги курулуштарды токтотуу талабы менен митингге чыгышты. Бул борбор шаардын жөнөкөй жашоочуларын нааразы кылган фактылардын бир чети гана. Бир кезде "жашыл шаар" аталган Бишкектин дарактары убагында дарыланбагандыктан жайында курт жеп куурап жатса, соо дарактары минтип кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн жөн салды кыйылууда. Мындай иштер мурунку мэрлердин тушунда деле болгон, Ибраимовдун тушунда деле уланууда. Ошентип, шаарга олуттуу жаңылык киргизе албаган башчыга шаардык кеңеш дагы бир жолу эки чылбыр, бир тизгин карматты...

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын ВИЧ, СПИД жөнүндө мыйзамына өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоорун 1-окууда жактырышты. Долбоордо ВИЧке байланыштуу психологиялык-социалдык консультация жүргүзүү тартибин аныктоо укугу Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынып, өкмөткө берилери жазылган. Ошондой эле мыйзамдан эл аралык келишимдердин күчү Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарынан өйдө турат деген норма да жоюлууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргыз жеринде СПИДден каза тапкандардын саны 1504 адамды түзсө, ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн саны 6730 адамга жетти (2016-жылдын 1-декабрына карата). Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ВИЧке кабылгандардын саны жагынан Чүй облусу алдыга чыкты. Экинчи орунда Бишкек шаары турат. Өлкөдө ВИЧ инфекциясын аныктоочу 46 лаборатория иштейт, кайрылган адамды текшерип беришет. Болгону текшерилүү же текшерилбөө жарандардын өз эркиндеги иш, бардык жарандар милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүшү керек деген атайын талап жок. Бир гана айымдар кош бойлуу кезинде милдеттүү түрдө текшерилет, ансыз төрөт үйүнө кабыл албайт. Балким, ушул себептен Кыргыз мамлекетинде ВИЧ тездик менен тамыр жайып бараткандыр. Депутаттар Орусия менен Казакстанда ВИЧке кабылгандар азайып жатса, Кыргыз жеринде, тескерисинче, эмне үчүн көбөйүп жатканын сурашты эле, саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиевдин жообу күлкү келерлик болду. Мурзалиев ВИЧтин тездик менен өсүп жатышына Орусия жана Казакстанда иштеген Кыргыз мигранттарын күнөөлөдү. Айтымында, дарт сыртта иштеген мекендештердин айынан өсүп жатыптыр. Бул сөзү үчүн чиновник депутаттардан жетиштүү тил укту жана көйгөй менен күрөшүүчү министрликтин абалын көрсөттү. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эмгек мигранттары Кыргыз экономикасына ири салым кошуп, элди багып жатканын айтып, аларды ВИЧти таратууга күнөөлөө такыр туура эместигин билдирди. Статистика дагы Текебаевдин сөзүн ырастайт. Мисалы, 2016-жылдын 9 айында жалпы 527 жаран ВИЧ жуктуруп алганы аныкталса, мунун 46сы гана эмгек мигранты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун СПИДге каршы программасынын (UNAIDS) маалымдашынча, Кыргыз жеринде акыркы 10 жыл аралыгында ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 8 эсе өскөн. Мисалы, 2005-жылы ВИЧке чалдыккандардын саны 826 болсо, 2015-жылы 5926га жеткен же 7 эсеге өскөн. Ал эми 10 жыл аралыгында Казакстанда ВИЧ жуктуруп алгандардын саны 3 эсе, Өзбекстанда 4 эсе өскөн. СПИД республикалык борборунун маалыматы боюнча 2016-жылы Кыргыз өлкөсүндө ВИЧке чалдыккандардын саны 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик 10 пайызга өстү. Бул 6 миллион жараны бар чакан өлкөнү ойлондура турган жагдай. ВИЧ жуктуруп алгандардын саны боюнча Казакстан менен Өзбекстан азырынча алдыда, кооптондурган жагдай, мындай темпте жүрүп отурса Кыргыз мамлекети коңшулардагы көрсөткүчкө тез эле жетчүдөй. Ымыркайларды эмдөөдөн өткөрүү сыяктуу эле жалпы республика боюнча жарандарды ВИЧке текшерип, илдет бар-жогун аныктооочу системди түзүүгө мүмкүн. Ушундай жол менен, балким, ВИЧтин жайылышын чектөө, бейтаптарга өз убагында чара көрүүгө шарт түзүлөт эле. Болбосо ВИЧ жуктуруп алганын билбеген жарандардын саны расмий сандардан эселеп көп болушу мүмкүн, алгач ошолорго кам көрүү керек. Оорунун жыйынтыгы менен күрөшүү эмес, тамырын кесүү алда канча натыйжалуу болору талашсыз...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан