ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: 49 жашка толгон Айчүрөк Иманалиева "жолдошум туулган күнүмдө уюлдук телефон тартуулады" дейт

Бүгүн, 12-январда белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева 49 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, уулу жана кызынын дагы туулган күнү экенин айтты.
"Бүгүн уулум Арлен 18 жашка, кызым Аэлита 11 жашка толду. Саат 00:00дө жолдошум биринчи болуп куттуктап, үчөөбүзгө уюлдук телефон белек кылды. Кызым менен уулум туулган күндөрүн достору менен белгилешет, ал эми мен өздүк майрамымды үйдө өткөрүүнү чечтим", - деди ал.
А.Иманалиева 1968-жылы 12-январда Талас облусуна караштуу Талас районунун Калба айылында туулган. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын жана Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөн. Жаш көрүүчүлөр театрындагы эстрадалык топко кирип, айтылуу "Роза гүлү" аттуу ырынан тартып анын эстрада ырчысы катары сапары башталган. "Кызыл гүл" ыры менен жалпы кыргыз журтчулугуна таанылган. 1995-1996-жылдардагы "Азия даусы" Эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Беларуста өткөн "Славян базары" Эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы "Алтын скиф" Эл аралык сынагынын лауреаты, Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Ардактуу дипломунун ээси. Айчүрөк Иманалиева 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.

12-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
maks94.kb
2017-01-12 14:10:15
Бар болунуз омурунуз узууууууун болсун Айчурок айым
+2
gitaris93
2017-01-12 14:34:14
Туулган кунунуз менен бар болунуз ден соолукта болунуз
+4
Kenje67
2017-01-12 14:52:52
Айчурок Иманалиева, туулган кунун менен, ден соолукун таза болсун, омурун узун болсун, бактылуу бол, бай бол, балдарындын урмат сыйын кор, кызын менен уулундун да, туулган куну менен куттуктаймын, дуйнодо эмне жакшылык болсо, ошонун баарын каалайм.
+4
Nurkyz1977
2017-01-12 15:27:35
Туулган кунундо эмне болгонунун баарын айтып ушул ырчылар тажатты,эл ортону элуу жаш деп коет элууго чыкканча эле болбогон нерселерди айткандан уялбайсынарбы? Журналистер кызыгып сураган кундо деле телефон алдым,бул ресторанга бардым дегенинерди токтотуп жаштарга улгу болуп маанилуу соз суйлогулочу асмандагы эмес жердеги жылдыздар.
+7
Kubat.karagulov
2017-01-12 16:43:48
Nurkyz1977,Ошону айтсан элууго чыккан аял телефон алганын он жаштагы кыздай болуп мактанганына кулкун да келет экен.Башаламан бир заман болду го карысы карыдай жашы жаштай болбогон.
+6
Izdeim_seni.
2017-01-12 15:38:22
Эми телефон днюхасына алганы как то скучновато.
-1
Baatur7777
2017-01-12 16:09:46
Эмгек синирген эл артист наамын алды беле?
+1
kamchatka
2017-01-12 17:44:20
Тошу биийикго!
-1
tuigan.
2017-01-12 17:45:41
Азыр интернеттин телефондун заманы болуп калбадыбы.мисалы инстаграмдан оздорун кечке жарнама кылышып.керек буюм бул деле
+1
Best.bakyt
2017-01-12 18:01:17
Чон энен неберелеринен жарышып телефон талашкан заман болдубу. Болбосо элууго чыккан эненин неберелери телефондун ичегисин чубаган жашка келип калды да. Телефон алдым деп элге жар сала мактангыча, кудай балдардын омурун берсин,жаштар ыймандуу болсунчу ондуу тилектерди суйлоп отурсачы эл адамымын десе.
+2
CHOTON_86
2017-01-12 18:51:23
Менинда туулган кунум бугун. Келинчегимден башка эчким куттуктаган жок. Чонтогун жука болсо досторун деле конул бурушпайт экен. Убагында кичине акчам барда, досторум жанымда журчу эле. Ай ай жашоо ушундай кызыктуу экен.
+2
Volt18
2017-01-12 20:03:23
Сурашса,жооп берет да эми.
-3
ali....
2017-01-12 20:14:44
Эжебизге бекем ден.соолук каалайлы туугандар
Айчурок эже туулган кунуз кут болсун дуйнодо баардык жакшылыктар коштосун уй булонуз м.н тынч болунуз!!!
0
ayjan_90
2017-01-12 22:49:26
Мынча сонун кызынын баласынын озунун туулган куну бир кундо
0
jazmina909090
2017-01-13 00:23:16
Ай тим эле свнчы кылып койсо силерди.Айчурок эже да сен мен сыяктуу эле адам нетуулган кунуно телефон алса болбойбу.Укмуш акылдуу силерден өтөөр эчким жоктой болосунар да тообо кылдым.Берген интервьюсу эң жөнөкөй карапайым эл катарында эле жашап атканын айгинелегени.
+1
Zazharka
2017-01-13 01:46:05
Кызыл тус жарашат экен эжеге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан