Орусиялык жөө күлүк Максим Дылдин допинг чырынан улам 4 жылга спорттон четтетилди

Орусиялык жөө күлүк, жеңил атлетика боюнча Европанын чемпиону Максим Дылдин допинг чырынан улам 4 жылга спорттон четтетилди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спортчунун жетишкендиктерин жокко чыгаруу чечими да кабыл алынган. Бирок спортчу "Бээжин-2008" Олимпиадасында эстафетада (400 метр аралык) чуркоодо тагынган медалын кайтарып берүүдөн баш тартты.

"Медаль менин үйүмдө. Алып кеткенге аракет кылышсын. Биздин Спорт министрлигибиз Эл аралык Олимпиада комитетинин мындай чечими менен макул эмес. Биз бул медалдарды өз күчүбүз менен утканбыз", - дейт спортчу.

Кошумчалай кетсек, Эл аралык Олимпиада комитети эстафетага катышкан 4 спортчунун бири Денис Алексеевди текшерүүдө допинг табылгандыктан медалдарды кайтаруу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tunerbei1812
2017-01-12 14:12:46
Олимпиада бир жолу эле саясатташып, озунун функциясын жоготуп алды бейм. АКШнын куралына айланып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан