ЖЫЛНААМА, 13-ЯНВАРЬ: Ырчы, обончу Чубак Сатаев арабызда болгондо 57 жашка толмок

Кыргыз элинин таланттуу уулу, ырчы, обончу Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Андагы талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт.

Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургуналы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, "сен олуттуураак ырларга өт" деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. "Арман, ай", "Кайгырбачы, кан досум", "Кең дүйнө", "Ак бата" ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жылдык өмүрүндө 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.

Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, "кежигем тырышып жатат" деп жыгылып калган. Жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, анын мээсине кан куюлуп кеткен.

13-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akil.91
2017-01-13 11:44:42
Атам менен бир жылда торолуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан