"Медиа-портал" бөлүмүндөгү сагыныч, кусалык тууралуу чыгармалардын бири - "Сагындым сени" ыры Кенже Дүйшеева менен Жумагүл Райымжан кызынын аткаруусунда жаңырат. Аталган ырдын клибин тартууда Кенже Дүйшеева арзышкандардын образын чагылдырган башкы каармандарды тартуу узакка созулганын айтат.
"Жумагүл биздин көз алдыбызда чоңойгондуктан, анын өтө тартиптүү экенин билем, бирок ушунчалык тартынчаак, уялчаак экенин билчү эмесмин. Клипте өзүнөн кичинекей бала менен роль жарата турган болуп калды. Көп убакыт ошол экөөнү тартууга кетти окшойт. Себеби жигиттин көзүнө карай албайт, сүйлөй албайт, тиги жигит колунан кармаса, "кармаба" дейт. "Сагындым сени" деп ырдап жаткандыктан сүйгөн, сагынган адамдын образын жаратышы керек болчу да. "Жок, андай болбойт, жөн эле тартылалычы" деп, аябай тартынды. Бул нерсеге таң калдым. Баарыбыз күлүп жаттык", - дейт Кенже Дүйшеева.
Клип кыйынчылыктарсыз, көңүлдүү тартылып, 2016-жылдагы ийгиликтүү болгон чыгармалардын катарын толуктаганын ырчы кошумчалай кетти.
Кенже Дүйшеева менен Жумагүл Райымжан кызы аткарган "Сагындым сени" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.