Ошто милициянын кашын жара тепкен ырчы кыздын убактылуу кармоочу жайдан чыккандан кийин концертке бара жаткан видеосу интернет колдонуучуларынын арасында катуу талкууга алынууда. Видеодо ал: "Жашоодо кандай гана нерселер болбойт, бирок баары өз ордунда боло берет. Бүгүн, 14-январда концертке кетип баратабыз. Баарыңыздарга жакшы маанай, жакшы ийгиликтерди каалайм", - деген.
Айрым интернет колдонуучулары "Уят деген барбы бул кызда, кичине үйдө болуп турса эмне болот эле?" деп комментарий калтырышса, айрымдары "Азамат, эрктүү кыз экенсиң!" дешүүдө. Ошондой эле "өзүн жакшы пиар кылып алыптыр" дегендер да бар.
Ал кызга байланышка чыкканыбызда "азырынча эч кандай комментарий бере албайм" деген жооп узатты.
Айта кетсек, окуя 13-январга караган түнү Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда айдоочу кыз өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Тартип бузган айдоочунун Алтынай Жайнакова экени белгилүү болгон. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал эми бүгүн Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.