КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Супер сулуу-2013" Орункүл Шабралиева роль ойногон "Ызы-чуу" комедиялык тасмасы SUPER.KG порталында

Бүгүн, 15-январда "Кинозал" бөлүмү "Ызы-чуу" комедиялык тасмасы менен толукталды.

Бул тасмада Жыргал аттуу кызганчаак эркек тууралуу баяндалат. Көрүнгөн эркектен шек санап, аялын кызганып жатып башкы каарман жумушунан, жакын досунан, аялынан да ажырамак болот. "Жаш түгөйлөр бири-бирине ишениши керек, ашыкча кызгануу баарын жокко чыгарып, үй-бүлөнү бузуп коюшу мүмкүн" деген ой комедия аркылуу берилет.

Тартылган жылы: 2016
Жанры: Комедия
Режиссёрлору: Улук Байбаев, Кубат Шамшиев
Продюсери: Саната Жумакадырова
Актёр-актрисалар: Нурбек Саматов, Саната Жумакадырова , Орункүл Шабралиева

"Ызы-чуу" тасмасын бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан