Түркия президенттик башкарууга өтүшү мүмкүн

Түркиянын парламенти Конституцияны өзгөртүү үчүн сунушталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мыйзам өзгөрө турган болсо, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлөт. Тактап айтканда, өлкө башчы министрлер кабинетин толук көзөмөлгө алып, өкмөт башчыны дайындай алат. Буга катар атайын кызматтар жана өлкөнүн куралдуу күчтөрү президентке баш иймекчи. Учурда алар Жогорку аскердик кеңешке караштуу. Ошондой эле өлүм жазасын кайра киргизүү маселеси да бар. Мыйзам кабыл алынса, 18 жаштан жогорку курактагы жарандар депутаттыкка талапкер боло алышат (учурда 25 жаштан жогоркулар коёт). Парламенттеги депутаттардын саны 50гө көбөйөт (учурда 550 депутат болсо, эми 600 болмокчу).

Конституцияга киргизилген толуктоолорду 330 депутат жактырса, парламент аны референдумга алып чыгат.

Түркия мамлекет катары түптөлгөндөн тарта, 1923-жылдан бери өлкөдө парламенттик башкаруу системи колдонулуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан