Гонконг-Стамбул каттамын аткарып жаткан учак "Манас" аэропортунун жанындагы Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылынын аймагына кулаган. Анын айынан 15 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 16-январда "Тез жардам" кызматынын оперативдүү бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев билдирди.
"Кырсык болгон жерден 15 адамдын сөөгү табылды. Дагы 7 адам жаракат алып, алар ооруканага биздин кызматкерлер тарабынан жеткирилүүдө", - деди Абдылдаев.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 9 чоң адам, 6 кичинекей бала каза болгон.