ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: "Клондогу" Маизанын ролун аткарган бразилиялык актриса Даниела Эскобар 48 жашка толду

"Клондогу" Маизанын ролун аткарган бразилиялык актриса Даниела Эскобар 48 жашка толду. Ал 1969-жылы 16-январда Бразилиянын Риу-Гранди-ду-Сул штатындагы Сан-Боржа шаарында төрөлгөн. Ал "Клон" сериалындагы (2001) Маизанын образы аркылуу дүйнөгө таанылган.

16 жашында Даниела журналистика факультетине тапшырып, бир жылдан кийин театр, балет, музыка жагына которулуп кетип, төрт жылдан кийин аяктаган. Ошол жылдан тартып театрда, кинодо өз ордун таап, теле жаатында иштеп баштаган. Даниела Эскобар "Бразилиялык акварель" сериалында Белла Ландаунун ролун жараткан соң атактуу актрисалардын катарына кошулган. Актриса бул ролу үчүн 15 килограммга арыктап, чачын кыска кылып кестирип, румын тилинде акцент менен сүйлөгөндү үйрөнгөн. 2005-жылдан кийин актриса кино тармагынан кетип, телевидение жаатында алып баруучулук кызматты аркалай баштаган.

Д.Эскобар мындан тышкары "Карышкырдын жашы" (1995), "Менин периштем" (1996), "Анын жан дүйнөсүнүн музыкасы" (1999), "Бир жүрөк" (2004), "Америка" (2005) жана башка тасмаларда роль жараткан.

1995-жылдан 2003-жылга чейин режиссёр Жайме Монжардин менен үй-бүлө куруп, Андре аттуу уулдуу болушкан. 2010-жылы актёр Марсел Вёльнерге турмушка чыгып, эки айдан соң ажырашып кеткен.

16-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akshumkar
2017-01-16 14:15:51
Бул актрисанын эмне кереги бар бизге. Тигинтип элибизден айрылып кайгырып олтурсак.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан