"Кырсык болгон учурдан тарта кыйраган учактын арткы бөлүгү өрттөнүп жаткан. Өрт өчүрүү кызматы аны толугу менен өчүрдүк деп эсептегени менен, учактын күйүүчү майы жана андагы жүк кайрадан тутанып, өчүрүү кыйынга турууда. Учактын калдыктарынын алдын казуу иштери жүрүп жатат". Мындай маалыматты SUPER.KG порталынын кабарчылары жеринен билдиришүүдө.
Кырсык болгон жерде 800гө жакын адам: ИИМден 500гө жакын, 60-70тей медицина кызматкери, Улуттук гвардиядан 90го жакын адам иш алып барып жатат. Аларда адамдардын дене бөлүктөрүн алып чыккан учурлар кездешүүдө.
Учурда кырсык катталган жерге биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев барды. Маалым болгондой, 15-январдан 16сына караган түнү "Манас" Эл аралык аэропортуна 11 учак келип конгон. Кырсык катталган соң Куткаруу жана "Тез жардам" кызматы 35 мүнөттө келген. Бул убакка чейин жергиликтүү тургундар апааттан 20га жакын адамды куткарып калууга жетишишкен. Жалпы каза болгондордун саны учурда 35ке жетти.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөнү айтылды. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак.