Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору болуп Рыспаев Максат Асангазиевич дайындалды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Рыспаев бүгүн, 17-январда эмгек жамаатына тааныштырылды. 41 жаштагы жаңы жетекчи Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. Адистиги боюнча инженер-механик жана юрист.
2014-жылдын 6-ноябрынан тарта ушул күнгө чейин бул кызматты Эдил Касенов аркалап келген.