Бишкектик "Алга" футболдук клубунун мурунку оюнчусу Иван Филатов индиялык "Минерва" футболдук клубу менен 5 айлык келишим түздү. Футболчу аталган команданын курамындагы алгачкы беттешин бүгүн, 17-январда Hero I-League Лигасынын алкагында өткөрөт.
Филатов ойногон "Минерва" клубу жаңы башталган мелдештин 3-турунда "Мохун Баган" командасына каршы турат.