Авиакырсык болгон жерде үйлөрдүн ичи күйүүчү май жыттанып, тургундардын ден соолугуна зыян келтирүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-январда Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочусу Зайырбек Тайдинов билдирди.
"Үйдүн ичи күйүүчү май жыттанып, бат-баттан эшикти ачып желдетип жатабыз. Түнү менен зыяндуу затты жыттап жатууга аргасызбыз, андыктан ден соолукка зыяны тиет экен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тезинен учактын калдыктарын алып, аймакты тазаласа жакшы болот эле", - деди Тайдинов.
Каргашалуу таңда катуу ылдамдыкта келип кулаган учак 15 жылдык жоон дарактарды сындырган. Анын сынган канаты Тайдиновдун ашканасын талкалап, баласы экөө жаткан бөлмөгө 3 метр жетпей калган. Ал кошунасы үй-бүлөсү менен каза болгонун айтат: "Кошунам 4 баласы, аялы менен каза болду. Балдары мектеп курагында болчу. Бир үй-бүлөнүн баары каза болуп калды".
Тургундар учурда учактын үнүн укканда кооптонуп жатканын айтышат.