Ош облусунда 15 жаштагы өспүрүм мал уурулукка шектелип кармалды

14-январда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Коңурат айылынын тургундарынын сарайынан 2 баш бодо мал уурдалган. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Уурулуктун кесепетинен жабыр тарткандар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле айылдын 15 жаштагы Р.Э. аттуу тургуну мал уурулукка шектелип кармалды.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2017-01-18 12:14:34
Jash bala ekengo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан