Мындан 29 жыл мурун, 1988-жылы 18-январда Кытайдын Чунцин шаарынын аэропортуна конордо ИЛ-18 учагы кыйроого учурап, учакта болгон 108 кишинин баары (98 жүргүнчү, 10 экипаж мүчөсү) көз жумган. Пекин-Чунцин каттамында бара жаткан учакта Кытай, Япония жана Улуу Британиянын жарандары болгон. Учактын кыймылдаткычы күйүп кетип, канатынан ажырап калгандыгы үчүн жерге кулап түшкөн. Жыйынтыгында аба майданынын түштүк-батыш тарабындагы 2 бош турган үйдү басып калган.
18-январга карата жылнаама.