Кытайдан келчү интернет арзан болору күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн жана кытайлык компаниялардын ортосунда меморандум түзүлгөн. "Текшерүү үчүн байланышты өткөрүп көрдүк. Жыйынтык жакшы болду. Учурда баасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Баасы төмөн болмокчу, канча болорун азырынча айта албайбыз. Эгер айтсак, Кыргыз мамлекетинин компаниясына айып пул салынат", - деди Аматов.
Мындан тышкары ал бүгүнкү күндө өлкөдөгү 73 айылда интернет жок экенин баса белгиледи.