Бишкекте 23 жаштагы жаран "апасын өлтүргөн" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2017-жылдын 13-январында болгон. Анда апасы менен баласынын ортосунда чыр чыгып, 23 жаштагы З.М. апасын башка бир канча жолу чапкан. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерден жан берген. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.