Кемин районунда 22 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1994-жылдын 1-сентябрында Чым-Коргон айылына жакын жерде белгисиз адамдын жарым-жартылай өрттөлгөн жансыз денеси табылган. Кийин маркумдун өздүгү такталып, ал 1921-жылы туулган, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Иван Дементьев экени аныкталган. Чолпон-Ата шаарында жашап, ВАЗ үлгүсүндөгү унаасы менен таксист катары иштечү.
"Бул боюнча Кемин райондук прокуратурасы "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бирок 22 жылдан бери кылмыштын бети ачылбай келген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган У.Х. кармалды. Ал 1994-жылы тааныш балдары менен бирге Иван Дементьевди өлтүрүшүп, жансыз денени өрттөп салышкан. Ал эми унаасын башка адамга сатып, жанындагы 3 шериги менен бөлүп алган", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Учурда тергөө иштери кайрадан жанданып, адам өлтүрүүгө шериктеш болгондор изделүүдө.