Японияда тартылган "Радуга после дождя" көркөм тасмасы тар чөйрөдө шаңдуу көрсөтүлдү (фоторепортаж)

Бүгүн, 18-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде Япония өлкөсүндө тартылган, Абай Усеналиев режиссёрлук кылган "Радуга после дождя" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Ага тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, шоу-бизнес өкүлдөрү катышышты. Анда Бакай Бакир уулу, Айжамал Осмонова, Адил Чекилов жана башкалар роль жаратышкан. Кызыгы, тасманын сценарийин режиссёрдун апасы, жазуучу Дария Кайбылдаева жазса, операторлук кызматты иниси Бакай Усеналиев аркалаган. Ошондой эле кечеге Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси жана башка бир топ япониялык коноктор катышып, шаңдуу башталды. Алгач кыздар барабанда кол ойнотушуп, тасманын саундтректери жаңырды. Андан соң келген конокторго сөз берилди. Алар жаш режиссёрго ийгилик, кең келечек каалашты.

Таланттуу үй-бүлөдө чоңойгон тасманын режиссёру Абай Усеналиев буга чейин даректүү, жарнамалык түрмөктөрдү тартып келгенин, бул алгачкы толук метраждуу көркөм тасмасы экенин айтат.

"Апам экөөбүз тасманын сюжетин, сценарийин улам өзгөртүп, соңунда бир сценарийге токтолдук. Тасма 3 жыл бою тыныгуулар менен тартылып жатты. Япониядагы кадрлар бир жумада тартылган. Ал жакка барганда япониялыктардай суткасына 2-3 сааттай уктап, талбай иштедик. Аталган өлкө кооз, бир топ ийгиликтерге жетишкендиктен жана япон-кыргыз достугун өнүктүрүү максатында тасма Японияда тартылды", - дейт А.Усеналиев.

Ал эми алып баруучу, модель Айжамал Осмонова тартуучу топ менен иштеген кызыктуу болгонун билдирди:

"Тасмада мүнөзү, кесиби меникине окшогон каармандын образын жараттым. Өзүмдү ойнодум десем болот. Андагы актёр-актрисалар дос-тааныштарым, андыктан 3 жыл аралыгында чогуу иштөө кызыктуу болду".

Тасмада башкы каарман Болот белгилүү компаниялардын биринде эмгектенип, бир нече долбоорлордун негизинде япондуктар менен келишим түзүүгө жетишет. Ал эми анын карындашы анча бай эмес, күзөтчү болуп иштеген жөнөкөй жигитти жакшы көрүп калат. Ата-энесинен эрте ажырап, карындашын жалгыз чоңойткон Болот ага мындай жигитти ыраа көрбөйт эле. Андыктан алардын мамилелерине каршы чыгат. Ошол эле маалда анын иши жакшы жүрүшүп, түзгөн долбоорлору ишке ашып, үйлөнүү тоюн өткөрөм деп жатканда күтүүсүздөн оор дартка кабылганы аныкталат. Бир эле маалда түрдүү түшүнбөстүктөрдөн улам эң жакшы көргөн адамы - бир боору, сүйгөн адамы таштап кетет да, Болот тагдырдын оор сыноосу менен
бетме-бет калат...

Белгилей кетсек, тасма 19-январдан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

"Радуга после дождя" тасмасы жарыкка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mambo-1984
2017-01-18 23:52:21
кино озунчо эле бизнес болдуго эптеп бир коросун болду адан кийин кызыксыз а илгерки кинолорду канча корсонда тажабайсын мисалы ак кеме карач карач ж.б
+6
panda7
2017-01-19 00:32:27
Иши кылып ата энен мн коро албайсың баарибир.Эротика бар деп уккамын.
+5
bakaiBBBB
2017-01-19 08:54:31
Акыркы жылдардагы кинонун баары эле супсак кайталап коро албайсын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан