Бишкектеги батирлердин биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-январь күнү саат 16:35 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Октябрь районунун Байтик баатыр көчөсүндөгү №3-үйдүн 2-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен улгайган аялдын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.