Алмазбек Атамбаев авиакырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөткөн жарандарга ыраазычылыгын билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-январда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Чүй облусунун Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачалары тилкесинде учактын кыйроосунан жабыркагандарга жардам берүү, авиакырсыктын кесепеттерин жоюу жана анын себептерин иликтөө боюнча иштин жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчынын маалыматын угуп, президент Атамбаев кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча толук жана пайдалуу чараларды көрүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи. "Адамдарга жардам берүүнү басаңдатууга болбойт. Көп иштер жасалды, бирок жабыркагандардын, өзгөчө балдардын башына капысынан түшкөн мүшкүлдү жеңилдетип, аларга камкордук көрүүнү улантуу керек", - деди Атамбаев.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев журт башына түшкөн кайгы учурунда тыгыз баш кошуп, тилектештик көрсөткөн бардык кайдыгер эмес жарандарга, активисттерге, ошондой эле кыйроонун кесепеттерин жоюуга көмөктөшкөн мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, ыктыярчыларга өлкө элинин атынан ыраазычылык билдирип, алкыш айтты.

“Оор шарттарга, суукка чыдап, жалын бүрккөн өрткө каршы күрөшүү менен алар адамдарды сактап калышты жана жабыркагандарга жардам берип жатышат. Мекендештерибиздин башына келген кайгыны тең бөлүшкөндөрдүн арасында көптөгөн ардагерлер жана балдар бар. Алардын моралдык жана акчалай колдоосу, куткаруучулар менен медиктердин кайратман жана уюшкан иши, көптөгөн жарандарыбыздын ак ниеттүүлүгү жана тилектештиги коомубузда тагдырдын катаал сыноолору учурунда да баш кошуп, бири-бирине колдоо көрсөтүүгө даяр сергек, жаратман күчтөрдүн көптүк кыларын ачык-айкын далилдеди. Азыр элибиздин биримдиги артып, ал эми мамлекетибиз улам күчтүү болуп бара жатканына дагы бир жолу ынандык”,- деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле кыйын күндөрү кайгыбызды тең бөлүшүп, колдоо көрсөтүшкөн чет өлкөлүк мамлекет жетекчилери менен жарандарга жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.

Андан соң ал өкмөткө курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө эл аралык ченемдерге ылайык компенсация төлөө маселелерин чечүү жана алардын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн юридикалык колдоо маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан