Токмокто тургунду коркутуп, унаасын шаардын ар жерине айдатышкан жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-январь күнү Токмок ШИИБинин кызматкерлерине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда белгисиз 4 адам күч колдонуп коркутуп, унаасын шаардын ар жерине айдатышканы айтылган. Бул боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 4 адам кармалды. Алар 1992-жылы жана 1995-жылы туулган Токмок шаарынын тургундары болушкан. Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүүдө.